Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз жыйырма экинчи сессиясы

2023-жылдын 30-октябры № 22-4

Арбын айылындагы мамлекетке кайтарылып алынган балдар бакчасында Адиловдордун убактылуу жашап туруусуна макулдук берүү жөнүндө

 Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы А.Адиловко сатылып кеткен балдар бакчасын мамлекетке кайтарылып алынгандыгына байланыштуу Адиловдордун башка баш-панек кылып жашай турган үйү болбогондуктан, ошол жерде убактылуу жашап туруусуна макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык , Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы А.Адиловко сатылып кеткен балдар бакчасын мамлекетке кайтарылып алынгандыгына байланыштуу Адиловдордун башка баш-панек кылып жашай турган үйү болбогондуктан, жаңыдан үй салып көчүп чыкканга чейин ошол жерде убактылуу жашап туруусуна макулдук берилсин.

 

2.  Мыйзамдуулугун карап чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

О.С.Абдырахманов