КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2023-жылдын 30-октябры № 22-5
СПАнын ишине колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагындагы элге кызмат көрсөткөн СПАнын ишине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык , Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагындагы элге кызмат көрсөткөн СПАнын ишине колдоо көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 35,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аткарууга жана каржылоого алуу жагы айыл өкмөт башчысына жана ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
О.С.Абдырахманов |