Редакцияот 23.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 23 – августу  № 17/5

Жер тилкелерин муниципалдык менчике алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын 03.12.2021-жылдагы №17 протоколун негизинде, айыл өкмөтүнүн жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын сунушун депутаттар талкуулап, Ырыс айыл кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Дөмөр айылындагы мурдагы ярмарканын артындагы Б.Торогелдиев көчөсүндөгү 0,03 га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Ш.Кадиркулов.