Редакцияот 20.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2023-жылдын 20 –ноябры   № 21/5 

Жаран Исмаилов Чолпонбайдын жеке менчик 4,0 га жер аянты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, 23.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», 26.12.2020-жылдагы №12 «Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын корутундуларын негизинде, жерге укукту берүү боюнча комиссиясынын протоколун жана Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Халиловтун кайрылуусун депутаттар талкулап, Ырыс айыл кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1. Ырыс айыл аймагынын Ладан-Кара айылында жайгашкан жаран Исмаилов Чолпонбайдын жеке менчигиндеги 4,0 га (2,0 га сыр белгиси 3-05-13-1003-2952, 2,0 га сыр белгиси 3-05-13-1003-3027) жер аянты бетон даярдоочу завод куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын айыл чарбасына жараксыз жерлери түрүнөн «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

2.Токтомдун аткарылышын Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Халилов камсыз кылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мирзаевке милдеттендирилсин.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

Ш.Кадиркулов.