САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-мартындагы № 9/48
«Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын калкты таза суу менен камсыз кылууда, суу акыларынын жана тазалык жыйымдарынын өнүшү боюнча 2023-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Талантбек уулунун калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу акыларынын жана тазалык жыйымдарынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасы бир катар алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы эске алынып, иши канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу башатын толук көзөмөлгө алуу, бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Талантбек уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Дүйшөнбек уулу |