Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/49

№ 14 жол тейлөө мекемесинин жыл ичинде

жүргүзгөн иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы №14 жол тейлөө мекемесинин 2023-жылдары жүргүзгөн иштери жөнүндө мекеменин башчысы М. Элтуйбасовдун отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

            1.№14 жол тейлөө мекемесинин башчысы М. Элтуйбасовдун 2023-жылдагы жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

            2.Айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна жана жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу жагы мекеменин башчысы М. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.

            3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу