Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/52

Муниципалдык ишкананын 2024-жылга карата бирдиктүү төлөө тарифтерин, ички тартип эрежесин жана элдик жыйындын протоколдорун

бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдаланууда, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси

Ж. Талантбек уулунун маалыматын, ар бир айылда өткөрүлгөн элдик  жыйындарда айыл тургундарынын макулдугу менен коюлган бааларды эске алуу менен Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

    1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 12-март, Төлөк айылында 13-март жана Сары-Булак айылында 14-март 2024-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындардын №2, №3, №4 протоколдору бекитилсин.

       2.“Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучулардан 2024-жылга карата айыл өкмөтүндө каттоодо турган мал башына акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте:

           - бир шартуу мал башы болгон кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө;

           - бодо малга (уй, жылкыга) 100 (жүз) сом өлчөмүндө;

           - топозго Төлөк айылында 250 (эки жүз элүү), Ак-Кыя айылында 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө;

           - ичүүчү таза сууга айына Төлөк айылында айына (түтүн башына) 100 (жүз),

Ак-Кыя айылында айына (жан башына) 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө;

           - таштанды жыйымы айына (түтүн башына) 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.

        3. “Төлөк-Ак-Кыя” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата  техникалардын (оор жүк ташуучу унаа, эксковатор-погрузчиктин) аткарган жумушу үчүн акысын төлөө төмөндөгүдөй тартипте:

        - техникалардын айыл ичиндеги жумуштарды көрсөтүү үчүн - 1500 сом өлчөмүндө;

        - техникалардын айылдан сырткаркы жерге айдатканы үчүн чыгуу алыстыгына жараша күйүүчү май (дизтопливо) куюп берүү;

       - суу киргизүү үчүн казуу жумуштарына метр - 200 сом өлчөмүндө;

       - казуу тереңдиги ар бир метр үчүн - 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

   4. Ички жайыттарды эс алдыруу үчүн Төлөк айылында 1 жылга мораторий киргизилип, сырткы (Кашка-Суу, Соң-Көл) жайлоолоруна жайлап келүү жагы бекитилсин.

   5. Жогорудагы көрсөтүлгөн бааларга ылайык акыларды чогултуу, иш-милдеттерди аткаруу менен аткарылып жаткан иштер жөнүндө жалпы элге элдик жыйында жылдын жыйынтыгы менен маалымат берүү жагы «Төлөк-Ак-Кыя» муниципалдык ишканасынын  жетекчиси Ж. Талантбек уулуна милдеттендирилсин.

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу