Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/53

«Тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу» боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын

27-34-беренелерине ылайык, Сары-Булак айыл аймагынын аймагында таштанды калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу, зыянсыздандыруу, көмүү боюнча натыйжалуу иш алып баруу жана  алардын жергиликтүү калктын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин алдын алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж. Өзүбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

                1. Сары-Булак айыл аймагынын аймагындагы жергиликтүү маанидеги «Тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу» маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, функциялардын жана милдеттердин тизмеси бекитилсин.

                2. Бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу менен милдеттерди аткарууну камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

                3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу