Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/55

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин

пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

                 1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бекитилсин.                

                 2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык Кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж. Өзүбековго милдеттендирилсин.

                 3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы

М. Асанбаевге тапшырылсын.

                4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу