Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/56

2024-жылга карата огород салыгынан жеңилдик

алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучу Д. Тайдаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 344-беренесинин 1-3-4-бөлүмдөрүнө ылайык 2024-жылга карата огород салыгынан жеңилдик алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

                 1. Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү 107 атуулга женилдик берилип, турак-жайынын алдындагы жер аянтына жалпысы 232234,2 кв.м огород салыгын төлөөдөн бошотулсун.               

                 2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы

М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

                3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу