Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/57

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишимди бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишимди бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишими бекитилсин.

2. Типтүү келишимдин  жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге тапшырылсын.

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу