САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 14-мартындагы № 9/59
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жыл башында бош калган
каражатка кошумча смета түзүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына бош калган бюджеттик каражаттан 2 504 431 сомду жана атайын каражаттан 450 541 сомду бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Калмамбетованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына бош калган каражатынан айыл өкмөтүнө бюджеттин эсебинен
1 | 2215 | Ар кандай чыгым | 414 431 |
2 | 2221 | Учурдагы оңдоо иштери | 500,0 |
3 | 2222 | Керектелүүчү чарба буюмдары | 24,0 |
4 | 3111 | Полигон оңдоо, азбест труба алуу | 182,0 |
5 | 3112 | Инвентарь алуу үчүн | 1 384,0 |
Жалпысы: | 2 504 431 | ||
2. Атайын каражат боюнча:
2218 – тамак аш алууга 63 160 сом
2215 – МИ 387 381 сом
Баардыгы: 450 541 сом.
3. Жалпы баардыгы 2 954 972 сом бекитилип берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Р. Калмамбетовага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Дүйшөнбек уулу |