Редакцияот 26.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫ IX CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 26-мартындагы № 9/60

«Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна

 жер берүү жөнүндө

 

«Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна «Төлөк» айылына мобилдик  байланыш антеннасын коюуга 0,10 га жер аянтына макулдук берүүгө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1.           «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна «Төлөк» айылынан мобилдик байланыш антеннасын коюуга 20 м.кв жер аянтын убактылуу пайдаланууга укук берүү боюнча келишимди түзүүгө макулдук берилсин.

2. «Альфа Телеком» жабык акционердик коомуна «Төлөк» айылындагы жер аянтын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышынкөзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Дүйшөнбек уулу