Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 5-мартындагы № 23/1

Чет-Нура айыл аймагынын 2024-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо  жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын 2024-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин бюджет жана этика  комиссиясынын, башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыл башынан калган бюджеттик эсептеги калдык  акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

 

№

Статья

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма

1

2218

Тамак аш сатып алуу үчүн

891 000

2

2224

Көмүр алуу

1 662 138

 

Жалпы

 

2 553 138

 

Баары – 2 553 138 сом (эки миллион беш жүз элүү үч миң бир жүз отуз сегиз сом).

2. Токтомдун аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

Төрага

М. Өмүрбеков