Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 5-мартындагы № 23/5

 

Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылына электр трансформаторун орнотууга жер аянтын бөлүү жөнүндө

 

   Чет-Нура айыл аймагына караштуу Орто-Нура айылынын Сапарбай ата көчөсүнүн тургундарына электр трансформаторун орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча Нарын райондук электр тармактарын тейлөө мекемесинин сунушунун угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XXIII сессиясы токтом кылат:

 

1.               Орто-Нура айылынын Сапарбай ата көчөсүнүн тургундарына электр трансформаторун орнотуу үчүн Сапарбай ата көчөсүнүн тургуну Бегалиев Кылычбек Ибраевичке таандык огородунун четинен 12 квМ жер тилкесин өзүнүн мкулдугунун негизинде берилсин.

2.               Бөлүнгөн жер аянтына электр трансформаторун орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарын сактоо Нарын райондук электр тармактарын тейлөө мекемесинин суралсын.

3.               Токтомду ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Асанбековго тапшырылсын.

4.               Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

 

Төрага

М. Өмүрбеков