Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 5-мартындагы № 23/6

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдарын суу менен камсыз кылуу тармактарына үй ээликтерин жана капиталдык курулуш обьекттерин кошуу үчүн техникалык шарттарды берүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө.

 

      Чет-Нура айыл аймагынын айылдарын суу менен камсыз кылуу тармактарына үй ээликтерин жана капиталдык курулуш обьекттерин кошуу үчүн техникалык шарттарды берүү жөнүндө жобону бекитүү боюнчаЧет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы«Үч-Нура таза аймак муниципалдык ишканасынын директорунун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Чет-Нура айыл аймагынын айылдарын суу менен камсыз кылуу тармактарына үй ээликтерин жана капиталдык курулуш обьекттерин кошуу үчүн техникалык шарттарды берүү жөнүндө жобо бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын «Үч-Нура таза аймак муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

Төрага

М. Өмүрбеков