Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ XXIII CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 5-мартындагы № 23/8

Чет-Нура айыл аймагындагы ирригация тармагындагы ички каналдарды кол менен жана механикалык тазалоо үчүн тарифтердибекитүү жөнүндө.

 

 

        Чет-Нура айыл аймагындагы ирригация тармагындагы ички каналдарды кол менен жана механикалык тазалоо үчүн тарифтерди бекитүү боюнча Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы «Үч-Нура таза аймак муниципалдык ишканасынын директорунун баяндамаларын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кещешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү  XXIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чет-Нура айыл аймагындагы ирригация тармагындагы ички каналдарды кол менен жана механикалык тазалоо үчүн тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин

2.Токтомдун аткарылышын «Үч-Нура таза аймак муниципалдык ишканасынын директору К.Молдогазиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

№

Кызматтын аталышы

Баасы

1

Кол менен тазалоо

120 сом м3

2

Механикалык тазалоо

70 сом м3

Төрага

М. Өмүрбеков