Редакцияот 24.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САНТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Санташ айылдык кеӊешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2022-жылдын 24-декабрындагы № 85

 

Саркынды сууларды тазалоочу жайын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча

Санташ айыл аймагынын Кен-Суу айылынын айыл башчысы К.М.Шаршенбаевдин Саркынды сууларды тазалоочу жайын курууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Санташ айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын 23-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Саркынды сууларды тазалоочу жайын курууга Кен-Суу айылынынын Түштүк-Чыгыш тарабындагы №377 контурунан 0,50га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Черикбаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.К.Абышовко милдеттендирилсин

 

 

Санташ айылдык кенешинин тѳрагасы

 

Тыналиев И.Ж.