Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 161-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 12-апрели № 161-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен көл коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
|
|
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары биригип "Тараптар" жана өз-өзүнчө "Тарап" деп аталуучулар),
эки тараптуу кыйла тыгыз экономикалык кызматташуу жана атап айтканда, бир мамлекеттин инвесторлорунун экинчи мамлекеттин аймагындагы инвестициялары үчүн тең укуктуулук жана өз ара пайда көрүү принциптерине негизделген жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап,
инвестициялык демилгелер үчүн өбөлгө түзүү жана эки мамлекеттин тең гүлдөп-өсүшүнө жетишүү үчүн инвестицияларды колдоонун жана коргоонун өсүп жаткан маанилүүлүгүн эске алып;
бул максаттарга ден соолукка, коопсуздукка, айлана-чөйрөнү коргоого, эмгекке жана улуттук корпорациялар үчүн корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин принциптерине тиешелүү улуттук ченемдерди жана эрежелерди бузбастан, туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууга түрткү бере тургандай түрдө жетүүгө мүмкүн болорун таанып;
мындай инвестицияларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында технологияларды өткөрүп берүүнүн, жумуш орундарын түзүүнүн жана адам ресурстарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн таанып;
ар бир Тарап өзүнүн мамлекетинин аймагында чет өлкөлүк инвестицияларды жөнгө салуу жана инвестициялык иш анын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына, саясатына жана өнүгүү стратегияларына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү укугун сактап каларын эске алып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Аныктамалар
Эгерде башкача белгиленбесе, ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү сөздөр жана терминдер тиешелүү маанилерге ээ:
1. Инвестициялар бир Тараптын мамлекетинин инвесторунун менчигиндеги же ал тарабынан тике же кыйыр түрдө контролдонуучу жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында экономикалык иштин объектилерине мындай Тараптын мамлекетинин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жумшалган жана капиталды салуу, киреше же пайда күтүү, өзүнө тобокелдикти же белгилүү бир узактыкты алуу, кабыл алуучу мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө салым сыяктуу инвестициялык мүнөздөмөлөргө ээ болгон активдердин бардык түрлөрүн билдирет жана атап айтканда алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- акча каражаттары;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- мүлктүк укуктар (ипотека, мүлктү кармап калуу укугу, күрөө жана башкалар);
- акциялар жана юридикалык жакка катышуунун башка түрлөрү;
- облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер;
- интеллектуалдык менчик укуктары (анын ичинде товардык белгилер, автордук жана чектеш укуктар, патенттер, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, интегралдык микросхемалардын топологиялары, селекциялык жетишкендиктер, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары, географиялык көрсөтмөлөр, фирмалык аталыштар жана ноу-хау);
- Тараптын мамлекетинин мамлекеттик органдары тарабынан берилген лицензияга же башка түргө негизделген ишти жүзөгө ашырууга ар кандай укук;
- Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына негизделген концессиялар, анын ичинде Тараптын мамлекетинин жаратылыш ресурстарын издөө, иштетүү, өндүрүү же эксплуатациялоо боюнча концессиялар;
- Тараптын мамлекетинин аймагындагы инвестициялардан алынган жана кайра инвестицияланган пайда же киреше;
- Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдары менен тыюу салынбаган инвестициянын башка формалары.
Мүлктүн инвестицияланган формасы же бул форманын өзгөрүшү анын инвестиция катары мүнөзүнө таасирин тийгизбейт.
2. Инвестор түз инвестициялар түрүндө өздөрүнүн, карызга алынган же тартылган каражаттарды жумшоону жүзөгө ашырган, инвестициялык иш жүргүзгөн ар кандай жеке жана юридикалык жактарды билдирет.
Жеке жак бир Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын жараны болгон адамды билдирет.
Ушул Макулдашуунун алкагында башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жараны Тараптардын мамлекеттери тарабынан экономикалык иши Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жүзөгө ашырылган Кыргыз Республикасынын жараны катары гана каралат.
Башка жарандык Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чет мамлекеттин же бир нече чет мамлекеттердин жарандыгына ээ болушун билдирет.
Юридикалык жак Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тиешелүү тартипте түзүлгөн же уюштурулган жана анын жайгашкан жери ошондой Тараптын мамлекетинин аймагында иш жүзүндөгү экономикалык иши менен бирге болгон ар кандай юридикалык жакты билдирет.
Ушул Макулдашуунун 11-беренесине карата инвесторго ушул берененин 2-пунктунда каралган шарттар аткарылгандыгын далилдөө жүктөлгөн.
3. Аймак төмөнкүлөрдү билдирет:
3.1) Казакстан Республикасына карата - Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегиндеги аймагы, анын ичинде анын мамлекеттик эгемендиги жайылтылуучу кургактык, суу, жер казынасы жана аба мейкиндиги, ошондой эле Казакстан Республикасы өзүнүн эл аралык келишимдерине жана улуттук мыйзамдарына ылайык эгемен укуктарын жана юрисдикцияны жүзөгө ашырган же кийин жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон, мамлекеттик чек аранын чегинен тышкары ар кандай зона;
3.2) Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын чегиндеги аймагы, анын ичинде анын мамлекеттик эгемендиги жайылтылуучу кургактык, суу, жер казынасы жана аба мейкиндиги, ошондой эле Кыргыз Республикасы эл аралык укукка жана анын улуттук мыйзамдарына ылайык эгемен укуктарын жана юрисдикцияны жүзөгө ашырган же кийин жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон, мамлекеттик чек аранын чегинен тышкары ар кандай зона.
4. Чара Тараптын мыйзам, токтом, эрежелер, жол-жоболор, чечимдер, административдик чара түрүндөгү же Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ар кандай башка түрдөгү чарасын билдирет.
5. Киреше инвестициялардан алынган же келип чыккан сумманы, анын ичинде пайданы, дивиденддерди, пайыздарды, капиталдын өсүшүнөн кирешелерди, роялти төлөмдөрүн, интеллектуалдык менчик укуктарына байланыштуу төлөмдөрдү жана башка бардык мыйзамдуу кирешелерди билдирет. "Инвестициялар" аныктамасынын максаттары үчүн инвестицияланган кирешелер инвестициялар катары каралат жана активдер инвестицияланган же кайра инвестицияланган формаларды ар кандай өзгөрүү алардын инвестиция катары мүнөзүнө таасирин тийгизбейт.
6. Эркин колдонулуучу валюта 1994-жылдын 22-июлундагы Эл аралык валюта фондунун (мындан ары "Фонд" деп аталуучу) макулдашуусунун беренелерине жана ага карата түзөтүүлөргө ылайык аныкталуучу "эркин колдонулуучу валютаны" билдирет.
7. Реквизициялоо табигый кырсыктар, авариялар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана өзгөчө кырдаал мүнөзүндөгү башка жагдайларда Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда мамлекеттик органдардын чечими боюнча коомдун кызыкчылыгы үчүн менчик ээсинен мүлктү, ага мүлктүн рыноктук наркын төлөп берүү алып коюуну билдирет.
8. ИТЖЭБ ИТЖЭБдин конвенциясына ылайык уюштурулган Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборду билдирет.
9. ИТЖЭБдин конвенциясы 1965-жылдын 18-мартындагы Мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин жарандарынын ортосундагы инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча конвенцияны билдирет.
10. ИТЖЭБдин кошумча эрежелери 2006-жылдын 10-апрелинде өзгөртүлгөн жана күчүнө кирген, Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордун катчылыгынын административдик өндүрүшү үчүн Кошумча аянтча эрежелерин билдирет.
11. ИТЖЭБдин арбитраждык регламенти 2006-жылдын 10-апрелинде өзгөртүлгөн жана күчүнө кирген, Арбитраждык териштирүү үчүн эрежелерди (Арбитраждык эрежелер) билдирет.
12. Нью-Иорк конвенциясы 1958-жылдын 10-июнундагы чет өлкөлүк арбитраждык чечимдерди таануу жана аткаруу жөнүндө конвенцияны билдирет.
13. ЮНСИТРАЛдын арбитраждык регламенти 1976-жылдын 15-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан сунушталган, Эл аралык соода укугу боюнча БУУ комиссиясынын арбитраждык регламентин билдирет.
2-берене. Келишимдин колдонулушу
1. Ар бир Тарап өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин инвесторлору тарабынан жүзөгө ашырылган инвестицияларга уруксат берет.
2. Ушул Макулдашуунун жоболору ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин болгон окуялардан келип чыккан талаптарга же пайда болгон талаптарга карата колдонулбайт. Тагыраак болуш үчүн бул Макулдашуу ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин келип чыккан же чечилген же келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштарга карата колдонулбайт.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
3.1) мамлекеттик сатып алууларга, жер мамилелерине, Тарап берген субсидияларга же гранттарга, анын ичинде Тараптардын колдоосу менен алынган зайымдарга, кепилдиктерге же камсыздандырууга, же мындай субсидиялар же гранттар Тараптын мамлекетинин инвесторлоруна же алардын инвестицияларына гана берилгенине карабастан мындай субсидияларды же гранттарды алуу же үзгүлтүксүз алуу менен байланышкан ар кандай шарттарга.
3.2) ушул Макулдашуунун 21-беренесинде ("Салык салуу") көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, кайсы болбосун Тараптын аймагындагы салык салуу маселелерине. Ушул Макулдашууда эч нерсе 1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы киреше жана капитал салыктарына карата кош салык салууну болтурбоо жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга ылайык кайсы болбосун Тараптын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт ("КССБ"). Ушул Макулдашуу менен КССБ ортосунда кандай болбосун шайкеш эместик болгон учурда, экинчиси шайкеш эместик бөлүгүндө артыкчылыктуу күчкө ээ болот.