Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 29-декабры № 133

 

Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга кабыл алынган өнүгүү программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап талкуулап чыгып, айылдык Кенеш төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. АРИСтин “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоорунун кошумча каржылоонун негизинде Достук айылындагы скважинаны реконструкциялоого сметалык баасы 2 677 500 сом, Арпа-Сай айылындагы № 29 ҮБДТнүн имаратын капиталдык ремонттоого сметалык баасы 4 564 603 сом жана Көк-Талаа айылынын Сейил-Бак участкасына сметалык баасы 4 500 298 сомдук скважина курууга байланыштуу Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга кабыл алынган өнүгүү программасына өзгүртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткаралышын камсыздоо Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мурзалиев Нурланга тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин төрайымынын орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым;

А.Салиева