Редакцияот 05.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 5-январы № 22

 

Жер участогун которуу(трансформациялоо) жөнүндө

 

          Айдаралиев айылдык аймагынын тургуну Абдылдаев Улан Султанбековичтин арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө “Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Айдаралиев айылдык Кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаралиев айыл аймагына кашар жана чабан үй куруу үчүн Айдаралиев айылдык аймагынын административдик чегиндеги “Котур” өзөнүнөн № ____ контурунан 0,10 га жер тилкесин “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформатциялоого) макулдук берет.

2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо, арыз ээсинин жеке каражатынын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык которуу боюнча тиешелүү корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамжановго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Темир уулу Беккул