АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 29-декабры № 137
Жумушчу комиссиянын, Айрыбаз айыл аймагындагы Ош-Баткен чоң жолунун эки тарабындагы 200 ч.м жер аянтын муниципалдык менчикке каттоого алуу жана аукцион аркылуу берүү сунушун жөнүндө
Айрыбаз айыл аймагындагы Ош-Баткен чоң жолунун эки тарабындагы 200 ч.м жер аянтын муниципалдык менчикке каттоого алуу жана аукцион аркылуу берүү сунушун кеңеш карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош-Баткен чоң жолунун эки тарабындагы 200 ч.м жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын жана аукцион аркылуу берилсин.
2. Ушул токтомдун аткаралышын камсыздоо Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мурзалиев Нурланга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин төрайымынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрайым; | А.Салиева |