АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-январы № 23
Жолдошов Уланбек Молдогазиевичтин депутаттык мандатын ажыратууга сунуш берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы № 3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3. ст 10- пунктуна ылайык Айдаралиев айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айылдык кеңешинин депутаты Жолдошов Уланбек Молдогазиевич Айдаралиев айылдык кеңешинин сессиялык отурумдарына себепсиз 6 (алты) жолу катышпагандыгына байланыштуу аймактык шайлоо комиссиясына депутаттык мандатынан ажыратуу жагы сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Темир уулу Беккул |