Редакцияот 17.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

 

2022-жылдын 17-октябрындагы № 24

 

Көл-Төр айыл аймагынын муниципалдык имараттарын үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылдык клубун жана Коңур-Өлөң айылдык клубун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Көл-Төр айыл аймагынын Көл-Төр айылдык клубун жана Коңур-Өлөң айылдык клубун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоого Көл-Төр айыл өкмөтү тарабынан долбоор даярдалсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова