Редакцияот 17.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы

 

2022-жылдын 17-октябрындагы № 25

 

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салым катары акча каражатын киргизүү жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетине дем берүүчү (үлүштүк) грантка Коңур-Өлөң айылынын клубун капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоор даярдалып жаткандыктан 2023-жылдын бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 20 005 сом акча каражаты киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Рыспай уулуна, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

А.Намазбекова