Редакцияот 18.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектүү XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 18-октябрындагы № 1

 

Таштандынын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

1. 2023-жылдын 1-январынан баштап таштандынын төлөмү түтүн башына-100 сом менен бекитилсин.

 

2.Таштандынын төлөмдөрүн көзөмөлдөө боюнча иштерди алып баруу “А. Давлетов” атындагы Таза-Суу чарбасына жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы С. Б. Кадаевка жана Таза-Суу бирикмесинин жетекчиси С. Жумаевка жүктөлсүн.

 

4. Көзөмөлдөө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Б. Омуркулов