КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-февралы № 28-12/3
Р-2 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Ч.Бапаевдин, Р-2 зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2022-жылдын 28-февралындагы, чыг:№01-16-408 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XII сессиясы,
токтом кылат:
1. Р-2 (шаардык парктар аймагы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏ киргизилип, Каракол шаарындагы, Н. Айтматова №10 дарегинде, борбордук стадиондун тʏштʏк-батыш бѳлʏгʏндѳ жайгашкан, аянты 9532,08 м2, жер тилкесин, спорттук эс-алуу комплексин куруу ʏчʏн, С-1 (аянттары кенен саламаттыкты сактоо, агартуу, илим, физкультура жана спорттук обьектилери бар зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык мэриясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча агенттиктин алдындагы «мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун» Ысык-Кѳлдѳгʏ курорттук-рекреациалык жана туристтик комплексттер боюнча филиалы менен бирдикте, Каракол шаарынын генералдык планынын корректурасынын концепциясына тиешелʏʏ ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизсин.
3. Ысык-Кѳл областтык регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ киргизсин;
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюуусуз аткаруусун камсыз кылсын.
4. Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7.Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т. Ж. Акимканов |