Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVIII сессиясы

 

2024-жыл 07- февраль №5

 

“Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйругу жөнүндө ”

 

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2024-жылдын 24-январь №01-12/53 сандуу каттын жана жазма буйругундагы 2022-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүнө жана анын аткарылышына жүргүзулгөн шайкештик ауидиттин жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди калыбына келтирүү боюнча талкуулап чыгып Ленин айлдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. “Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары , Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн шайкештик ауидиттин жыйынтыгындагы аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу жана мындан ары жол бербөө жагы эске алынып 2024-жылга түзүлгөн бюджеттик каражаттардын жылдык сметасына киргизилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

  1. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

 

Н.Калмуратов