Редакцияот 12.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕЛЬПЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Чельпек айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы

 

2022-жылдын 12-марты № 24

 

Чельпек айыл аймагында “Т. Искаков атындагы мектебинин потологун жылуулоо” долбоорлорунун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Чельпек айыл өкмөтүнүн башчысы С. Б. Кадаевдин кайрылуусунун негизинде 2022-жылга айыл аймакта даярдалган “Т. Искаков атындагы мектебинин потологун жылуулоо” долбоордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча Чельпек айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чельпек айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорго төмөндөгү жалпы суммасы 27464,00 сом өздүк салымдары каралсын жана Чельпек айыл өкмөтүнүн 2022- жылдын айылдык бюджеттик каражатынан төмөндөгү долбоорго акча каражаты өздүк салым катары каржылансын:

- Чельпек айылындагы “Т. Искаков атындагы мектебинин потологун жылуулоо” долбооруна жалпы суммасы 27464,00 сом акча каражаты каржылансын.

2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы С. Б. Кадаевке милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айыл кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А. И. Субановага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б. Омуркулов