КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-октябры № 107/XXVII-28
Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы №90/XXIII-28 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы С.Н.Черненконун Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-августундагы №90/XXIII-28 “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча жергиликтүү бюджеттин көбөйүшү 5107,2 (беш миллион жүз жети миң эки жүз) сом суммасында бекитилсин.
Киреше бөлүгү боюнча:
- 11111100 - киреше салыгы -1300,0 (бир миллион үч жүз миң) сом;
- 11312200 - жеке адамдардын транспорт каражаттарына мүлк салыгы – 586,0 (беш жүз сексен алты миң) сом.
- 14152600 - жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы – 4607,2 (төрт миллион алты жүз жети миң эки жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү боюнча:
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнүн 21111100-беренесинен – 312,7 (үч жүз он эки миң жети жүз) сом - күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн премия;
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнүн 21211100-беренесинен – 54,0 (элүү төрт миң) сом – социалдык фондго 17,25%;
- 70111 “Аппарат” бөлүмүнүн 3112-беренесинен – 519,3 (беш жүз он тогуз миң үч жүз) сом – эмеректерди сатып алууга;
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 2111-беренесинен – 500,0 (беш жүз миң) сом – учурдагы жолдорду оңдоо иштерине (шагыл төгүү);
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31121290-беренесинен – 4100,0 (төрт миллион бир жүз миң) сом – таштанды жыйноочу машина сатып алууга.
- 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 31113320-беренесинен – 907,2 (тогуз жүз жети миң эки жүз) сом – жолдорду асфальттого;
- 71092 “Социалдык камсыздоо” бөлүмүнүн 27214100-беренесинен – 100,0 (жүз миң) сом – аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү окутууга.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповго жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Токбергенов |