Редакцияот 27.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-октябры № 110/XXVII-28

 

Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги

№69/XIX-28-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кочкорбаев айылдык Кеңешинин 05.04.2023-жылдагы №69/XIX-28-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча «Нур-Наристе» балдар билим берүү уюмунун директорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги №69/XIX-28-токтомунун 1-пунктуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин: «Нур-Наристе» балдар билим берүү уюмунда бир баланын тамак-ашына 88 (сексен сегиз) сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинен 70 (жетимиш) сом ата-эненин төлөмү, 18 (он сегиз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен».

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Нур-Наристе» балдар билим берүү уюмунун директору А.Н.Абдылдаевага жүктөлсүн.

Төрага

 

Э. Токбергенов