Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңештин VI1 чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 106

 

Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси  Асылбек Маркаевдин билдирүүсүн  кароо жөнүндө

 

 

Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси  Асылбек Маркаевдин билдирүүсүн  угуп  Суу-Башы айыл өкмөтүнүн  2024-2026 жылдарга СЭӨП (Социалдык Экономикалык  Өнүгүү Программасын ) бекитүү жөнүндө жазган арызын талкуулап жана угуп, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  ХХХV сессиясы токтом кылат:

 

1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси  Асылбек Маркаевдин билдирүүсүн  угуп,талкуулап Суу-Башы айыл өкмөтүнүн  2024-2026 жылдарга СЭӨП (Социалдык Экономикалык  Өнүгүү  Программасын ) бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы   К.Дыйкановго     жүктөлсүн.

Төрага

А.Бөрүев