Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңештин VI1 чакырылышынын кезексиз ХХХV сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 109

Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн Айгүл-Таш айылынын тургуну К.Тешебаевдын арызын   кароо жөнүндө

 

 

Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн Айгүл-Таш айылына караштуу тоолордон  элге таш ташуу максатында арендага жер бөлүп берүү жөнүндө К.Тешебаевдын2024-жылдын 16-апрелинде жазган арызын  талкуулап жана угуп,  Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз  ХХХV сессиясы токтом кылат:

1. Суу-Башы  айыл өкмөтүнүн Айгүл-Таш айылына караштуу тоолордон  элге таш ташуу максатында №1130, №1172, №1138, №1177,контурундагы жалпы 7га жер аянтын арендага бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

 

2 . Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Бөрүев