ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезектеги отуз жетинчи сессиясынын
2024-жылдын 18-апрели № 127
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Исхак-Полотхан айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Исхак-Полотхан айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Исхак-Полотхан айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасына жана Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Матажиев Г. |