Редакцияот 11.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы

 

2023-жылдын 11-апрели № 18-6

 

Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715-токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик статистика менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитип берүү жөнүндө

 

    Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн  экономист,статистикалык жетектөөчү адиси Н.Илимханованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын   корутундусун эске алып, сессия

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1. Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн статистикалык жетектөөчү адиси Н.Илимхановага милдеттендирилсин.

3.  Токтомду kуzуl-tuu.gos.kg расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы  Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык  Кеңешинин  бюджет-финансы жана экономика маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Б.Төрөбеков

 

    

 

Кыргыз Республикасынын        Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы  Кызыл-Туу   айылдык Кеңешинин   2023-жылдын

“11”-“апрель” № 18/6 токтому менен бекитилди

 

 

     

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

 

КЕЛИШИМ

 

Келишимдин тараптары

1.1  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн  (мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген органдын толук аталышы) атынан мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу  Аксы  райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө” Жобонун негизинде иштеген Узаков Бакытбек Керимбаевич биринчи тараптан жана Кызыл-Туу айылдык аймагынын  атынан  (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы) “Кызыл-Туу айылдык  аймагы жөнүндөгү” Жобонун негизинде иштеген Алимбеков Төрөкул Бөрүкулович (аты-жөнү) экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.

 

                                              2. Келишимдин шарттары

2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык

Аксы_райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмү

(мамлекеттик органдын аталышы   Кызыл-Туу  айыл өкмөтүнө (шаарынын мэриясына)   (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы),

статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:

 

1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;                                                                                                                                                   2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;                                                                      3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу;                                                                                                      4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө;                                                                                                                                                 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;                                                                                                   6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;                                                                                                                              7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;                                                                                                                                             8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу;                                                                                                                                     9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жана башка тармактар жөнүндө;

“Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”.

“2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.

2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кызыл-Туу айыл өкмөтү (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы) жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.

2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт.

3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери

3.1. Аксы райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу: