КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-марты № 97
Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн 12-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Террористтик кол салуу мүмкүн болгон объекттердин терроризмге каршы коргонуу абалын аныктоого багытталган окуу-практикалык жана алдын алуу иш-чаралары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |