Редакцияот 10.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги отуз тогузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 10-августу № 1

Мамлекеттик фондунун  эсебиндеги жерлерди өнөр-жай, транспорт,байланыш жана башка категорияларына которуу  жөнүндө

 

Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 01.08.2023-жылдагы  03/537 корутундусунун жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 10.08.2023-жылдагы  №606 сандуу кайрылуу катынын негизинде айылдык кеңеш

 

                  ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. С. Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Ширин айылында жайгашкан Аэропорт участкасындагы  №401- контурунан 0,90 гектар жер тилкеси жана № 403-контурунан 3,10 гектар, жалпысы- 4,0 гектар жер тилкесин мамлекеттик фондунун эсебиндеги таштуу жайыт жана курулуш астындагы жер категориясынан өнөр- жай, транспорт, байланыш жана башка категориялар эсебине которууга  сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.

 

4. Токтом atabek.my1.ru сайтына киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

А. Эралиев