Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI1 чакырылышынын 11 сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты № 2/3

“Баткен облустунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну бекитүү жөнүндө.

 

            

              Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап Уч-Коргон айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Баткен облустунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашуу жактырылып  бекитилсин.

2.     Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтү тийиштүү жумуштарды алып барсын.

3.     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4.      Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Уч-Коргон айылдык

кеӊешинин төрагасынын орун басары

 

С.Атамбаев.