Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 21-июлу № 2

Ширин айылында ишке ашырылуучу “Күрүчтү кайра иштетүү” жана “Акжуваз, шалы кургатуучу кургаткыч куруу жана күрүч элөөчү элек алуу” бизнес-долбоорлорду айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө

 

   Ширин айылында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо  агентствосу  тарабынан аткарылып жаткан “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Күрүчтү кайра иштетүү” жана “Акжуваз, шалы кургатуучу кургаткыч  куруу жана күрүч элөөчү элек алуу” бизнес-долбоорлорун С.Атабеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына  киргизүү тууралуу С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 17.07.2023-жыл № 521 сандуу кайрылуу каты жана С.Атабеков айыл аймагынын айылдык коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетинин төрайымы М.Осмонованын өтүнүч каты менен таанышып, карап чыгып С.Атабеков айылдык  кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. С.Атабеков айыл аймагынын Ширин айылында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо  агентствосу  тарабынан аткарылып жаткан “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан “Күрүчтү кайра иштетүү” жана “Акжуваз, шалы кургатуучу кургаткыч куруу жана күрүч элөөчү элек алуу” бизнес-долбоорлору С.Атабеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.

2. С.Атабеков айыл аймагынын 2021-2025 жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планына өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Эргешовго милдеттерилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевге жүктөлсүн.

4. Токтом atabek.my1.ru  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө  кирет.

 

 

Төрага

А. Эралиев