Редакцияот 13.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-марты № 104

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мамлекеттик менчикти өткөрүп берүү жөнүндө

Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жеңи-Жок көчөсү, 4а дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 2133 кв.м, курулушу бүтпөгөн объектти (идентификациялык номери 3-10-01-0018-5004) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине арналган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү курулушу бүтпөгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;

2) курулушу бүтпөгөн объектти белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоо жана аны мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, анын ичинде билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине арналган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн пайдалануу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

              Төрагасы

 

А.У. Жапаров