Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 21-июлу № 3

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде  киреше жана чыгаша планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан жеткирилген планга кошумча түшкөн  кирешелерди пайдалануу үчүн  жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Республикалык бюджеттен келген кирешелерди пайдалануу үчүн 2023-жылдын киреше бөлүгүнө 483,1 миң сомго көбөйтүү менен өзгөртүүлөр киргизилсин өзгөртүү киргизилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында 70629  “Коммуналдык чарба” бөлүмүнүн  2221 “Мүлктөрдү учурдагы оңдоо” беренесине 483,1 миң сомго көбөйтүлсүн.

3.Айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарындагы учурдагы оңдоого, кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалсын.

4.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше-чыгашаларынын планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.

 5. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

А. Эралиев