Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 18-августу № 6/27

Первомайский айыл аймагындагы Суткалык жөнгө салуу бассейни жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С. Джумагазиевдин 2023-жылдын 12-июнундагы № 24 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 3-августундагы №02-13/2852 катынын негизинде, Первомайский айыл өкмөтүнүн аймагындагы Суткалык жөнгө салуу бассейнди баланска алуу жөнүндө Первомайский айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин 28-чакырымы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Первомайский айыл аймагынын Национальный айылынын №160 контурдагы, аянты 4,2га Суткалык жөнгө салуу бассейни Первомайский айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине баланска алынсын.

2. Ушул токтумдугу аткарылышын камсыздоо Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О.Сартпаевге жүктѳлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрагасы Борончу уулу Ниязбекке жүктѳлсүн.

 

 

Төрайым

З.М. Кочкорова