МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IХчакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы
2024-жыл 19- апрель №26-9-1
“Майлуу-Суу шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-ж. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” № 123 Мыйзамынын 36-беренесинин 2, 5 пункттарына, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин регламентинин 7-главасынын 7.5 жана 7.11 пунктарына ылайык, шаардык кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан ” фракциясынын маалыматын жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин ІⅩ чакырылышынын кезексиз ⅩⅩⅤⅠ – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майлуу-Суу шаардык кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
- Майлуу-Суу шаардык кеңешинин өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын курамына “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты А.М.Киргизбаев бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы шаардык кеңештин аппаратына тапшырылсын.
- Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы |
Н.Бостонов |