Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI1 чакырылышынын 111 сессиясы

 

2024-жылдын 12-апрели № 3/4

Үч-Коргон айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумуштуу Топ жөнүндө Жобону  бекитүү.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 50-беренесинин 4-бөлүмчөсүнүн негизинде

                                                         ТОКТОМ КЫЛАМЫН:

1.    Үч-Коргон айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун  жогорулатуу максатында Жумуштуу Топ жөнүндө Жобосу бекитилсин.

2.     Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Топтун ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын түзүп, камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы О.М.Шакировго милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрайым:

 М.Кочконова