Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VI1 чакырылышынын 111 сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 4/1

Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек

арасынын схемалык картасын макулдашуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап  Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:

1.     Үч-Коргон айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.     Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасына жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3.     Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

            4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

    

 

Төрайым:

 М.Кочконова