САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 19
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде киреше жана чыгаша планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан жеткирилген планга кошумча түшкөн кирешелерди пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Республикалык бюджеттен келген кирешелерди пайдалануу үчүн 2023-жылдын киреше бөлүгүнө 897,0 миң сомго көбөйтүү менен өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында 70629 “Коммуналдык чарба” бөлүмүнүн 2221 “Мүлктөрдү учурдагы оңдоо” беренесине 897,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3.Каражат айыл аймагындагы мунапыстан кийин кошулган жаңы , калктуу конуштарындагы көчөлөрүн учурдагы оңдоого, кызмат көрсөтүүлөрүнө жумшалсын.
4.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше-чыгашаларынын планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эралиев |