Редакцияот 26.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 26-сентябры № 7/29

Первомайский айыл аймагында административдик-территориялдык реформаны жүргүзүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 “Кыргыз Ресупбликасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региндорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрели №65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын негизинде, айылдык кенештин XXVIII-чакырылышы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук районунун Первомайский айыл аймагы менен З.Кайназарова атындагы айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймак “З.Кайназарова атындагы” айыл аймагы болуп аталсын.

3. Бириккен Первомайский, З.Кайназарова атындагы айыл аймактарынын борбору Чат-Куль айылында жайгашсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрайым

З.М. Кочкорова