Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы

 

2024-жыл 19- февраль №1

 

“Жашап жаткан турак жай үйүнө тиешелүү иш кагаздарын даярдоого уруксат берүү жөнүндө”

 

Ленин айылынын тургуну Табалдиева Гулмира жашап жаткан турак жайынын 0,10сотих жер аянтты “КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин каттоосуна катталбай калгандыгына байланыштуу тиешелуу документтин жасатуу үчүн жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:

 

  1. Ленин айылынын тургуну Табалдиева Гулмира жашап жаткан үйүнүн короосундагы КАДАСТР” мамлекеттик мекемесинин каттоосуна катталбай калган 0,10 сотих жер аянттына тиешелуу документтин жасатуу үчүн уруксат берилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .

 

  1. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

  

 

Төрага:

 

Н.Калмуратов