ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы
2024-жыл 19- февраль №3
“Ижарага жер берүү жөнүндө”
Жыгач-Коргон айылынын тургуну Абдулашимов Автандилге Ленин айылындагы №569-контурдагы Винзаводунун кире бериш жеринен 0,04 сотих жер аянтына курулуш материалдарын сатуучу дүкөн куруу үчүн ижарага жер бөлүп берүү жөнүндө жазган арызын жалпы жер маселеси боюнчча түзүлгөн комиссия курамынын отурумунда карап чыгып, комиссиянын берген сунушунун негизинде токтом кылат:
1. Ленин айылындагы №569-контурдагы Винзаводунун кире бериш жеринен 0,04 сотих жер аянтына курулуш материалдарын сатуучу материалдарын сатуучу дүкөн куруу үчүн Жыгач-Коргон айылынын тургуну Абдилашимов Автандилге ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жалпы жер маселеси боюнча түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн .
4. Токтом расмий сайтка жарыялангандан кийин жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Калмуратов |