БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин _______-чакырылышынын кезектүү № 30 сессиясы
2024-жылдын 19-февралы № 8
“Силос чуңкурун ижарга берүү жөнүндө”
Бердике баатыр айыл аймагындагы “Мүрөк сүт” кооперативинин жазган арызын карап чыгып, Кум-арык айылынын Түштүк батыш тарабында жайгашкан силос чуңкурун ижарага берүү үчүн Бердике баатыр айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл аймагына караштуу “Присельный” участогунда жайгашкан №97 чөйрө сызыгындагы 2,70га силос чуңкурун ижарага берүүгө макулдук берет.
2. Ижара эки тараптуу келишим түрдөө түзүлсүн, милдеттендирилсин талаптар коюлсун. “Мүрөк сүт” кооперативи тарабынан ижара мезгилинде талапка ылайык иштер (кызмат) жүргүзүлсүн.
3. Бөлүнгөн 12,70га жерге максаттуу иш алып баруу, тейлөө иштерин уюштуруу, айыл өкмөтү тарабынан коюлган талаптар толугу менен аткаруу жагы “Мүрөк сүт” кооперативинин жетекчиси Атаканов Токтогулга милдеттендирилсин.
Бердике баатыр айыл аймагынын кенешинин төрөгасы |
| Азизбек уулу Улукмырза |